15:49, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202035 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (80 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (25 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Баарыбыз биргеликте аксап жаткан билим берүү тармагын оңдошубуз керек, - С.Жээнбеков

10:24, Аяк оона айынын жыйырма беши, 2019 83

Баракелде -  Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков да келди.

Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаков президент, премьер-министрдин катышуусунда ант берди.

Андан кийин өлкө башчы сөз сүйлөдү.

«Баарыбыз биргеликте аксап жаткан билим берүү тармагын оңдошубуз керек. Буга чейин Билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү. Бирок билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чоң», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал министрдин тажрыйбасы бар, билим чөйрөсүн терең түшүнгөн, буга чейин мыкты иштеген кызматкер экенин айтып, жакшы иштеп берерине үмүтүн билдирди.

«Бирок ишти оңдоп кетүү жалгыз министрдин колунан келбейт. Билим берүү тармагы улуттун жана өлкөнүн келечегин аныктайт, билим менен гана жаркын келечекти курабыз. Ошондуктан бир адамдан үмүттөнүп, четте карап отурбай, баарыбыз чогуу бул тармакты, биргеликте оңдошубуз керек», - деди президент.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком