02:57, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Саид Бебез табылды

На русском
09:43, 23 аяк оона 2019 297

Баракелде -  Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Саид Бебез табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

16-сентябрда Свердлов РИИБге И.Н.(аял киши) аттуу шаар тургуну кайрылып, өспүрүм баласы жоголгонун билдирген. Арыз ээсинин уулу — 2007-жылы төрөлгөн Бебез Саид Идрисович Дордой конушундагы үйүнөн 16-сентябрда саат 15:00 чамасында чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болчу.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

21-сентябрда Свердлов РИИБдин өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери менен Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери биргеликте издөө иштерин жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында болжол менен саат 22:00 чамасында Жаш гвардия бульварындагы «Дельфин» бассейни жактан Саид Бебез табылган. Милиция кызматкерлери табылган баланы ата-энесине өткөрүп беришти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком