03:15, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россияда Кыргызстандын жаранынан акча алган прапорщик өзүнүн кесиптешин атып өлтүрдү (видео)

На русском
17:52, 20 аяк оона 2019 1437
Момент расстрела
Момент расстрела
// «Коммерсант»

Баракелде -  Москва шаарында Россия ИИМинин коопсуздук кызматынын башкармалыгынын кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жаткан полициянын улук прапорщиги Алексей Смирнов Кыргызстандын жаранынан (эркек киши) акча талап кылган. Бул маалыматты булактарга шилтеме берүү менен «Коммерсант» басылмасы жарыялады.

Коопсуздук кызматынын куралы жок 2 кызматкерине карата ок аткан прапорщик пара талап кылууга байланышкан бир нече факт боюна айыпталып жатат. Жабырлануучулардын алгачкысы Россиянын борборунда катталбай жашап жүргөн филиппиндик аял болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, шектүү 18-сентябрда «Рязанск проспектиси» метросунда Кыргызстандын жаранынан акча алган. Биринчи акча алуу фактысы прапорщик өзү нөөмөттө турган станциядагы видеокамераларды текшерген учурда ачыкка чыкса, экинчи жолкусунда иш бөлмөсүндө кармалган.

Коопсуздук кызматынын өкүлү Максим Веялко менен Алексей Лимонов прапорщик акча талап кылганы тууралуу Кыргызстандын жаранынан маалымат алышкан. Алар шектүүнүн иш бөлмөсүнөн текшерүү иштерин башташкан.

«Улук лейтенант Веялко жүз аарчыга оролгон 2 миң рублди көрсөткөндө прапорщик дароо тапанча алып, ага ок аткан. Веялко оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумду», - деп айтылат жалпыга маалымдоо каражаттарында.

Анын жанындагы кесиптеши Лимонов ооруканага жаткырылган. Учурда абалы оор деп бааланып жатканы айтылат. Тиешелүү беренелер менен козголгон кылмыш ишти тергөө улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком