23:34, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Бишкекте жаңы көпүрө пайда болду

На русскомEnglish
14:24, 21 аяк оона 2019 330
Мост на токтоналиева
Мост на токтоналиева

Баракелде -  Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу жыйынтыкталды. Бул тууралуу кечээ, 20-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Негизги жумуштар бүттү, инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган иштер калды. Бул иштер 10 күндүн ичинде бүткөрүлөт. Көпүрөнү бойлой тротуар курулду. Бирок анын бир тилкесинде жылуулук түйүндөрү оңдолуп жаткандыктан тротуар курууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бир айдын ичинде оңдолуп жаткан тилкеге тротуар курабыз», - деп айтылат маалыматта.

Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы тротуарды кошкондо 21,5 метрди түзөт. Ал аркылуу Токтоналиев көчөсү Медеров көчөсү менен биригип, шаардын чыгыш жана түндүк тарабына чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком