08:09, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Велоспорт боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону Евгений Ваккер карьерасын жыйынтыктады

На русском
15:19, 20 аяк оона 2019 124

Баракелде -  Велоспорт боюнча Азиянын бир нече жолку чемпиону Евгений Ваккер карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу Велоспорт боюнча федерациясынан билдиришти.

«25 жылдан кийин карьерамды жыйынтыктоого убакыт келди. Мен өлкөбүзгө ыраазычылык билдиргим келет. Мага дайым профессионал спортчу катары ишенип келишти.

Устатым Эркен Хашимов Акрамовичке терең ыраазычылыгымды билдирем. Акыркы 20 жылдан бери жеңишимди дагы, жеңилүүмдү дагы чогуу көрүп, бөлүшүп келди. Эгерде 2006-жылы мени кайра спортко келүүгө көндүрбөгөндө, азыр менде Азия чемпионатынын 4 алтын медалы, Азия оюндарынын 3 күмүш медалы болбойт болчу.

Ал эми үй-бүлөмө дагы рахмат айтам. Ушунча жылдан бери мага чыдап, колдоо көрсөтүп келишти. Мага ишенип, колдоп жүргөндөрдүн баарына рахматымды айтам», - деп жазган.

Евгений Ваккер Азия чемпионатынын 4 жолку, Азия оюндарынын 6 жолку, дүйнө чемпионатынын 2 жолку чемпиону. Мындан сырткары Азия чемпионатынан 4 коло жана 2 күмүш медалы бар.

Ал эми 2015-жылы 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком