19:56, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Самбочу Сыймык Жапаров Индияда алтын медаль тагынды

На русском
10:05, 20 аяк оона 2019 58
Сыймык Жапаров
Сыймык Жапаров

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Сыймык Жапаров самбо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Чемпионат Индиянын Дели шаарында өттү.

С.Жапаров килем үстүнө 14-сентябрда чыгып, 87 килограммдан жогорку салмактагы спортчулар арасында күч сынашып, финалга чейин жетти. Ал чечүүчү беттеште казакстандык Ерсултан Жорабекти утуп, алтын медаль тагынды. Ал эми коло байгени өзбекстандык Сардор Уринов менен индиялык Лавания Пиюш алды.

Турнирде кыргызстандык жаш самбочулар 7 медаль — 1 алтын, 4 күмүш жана 4 коло байге утту.

Жыйынтык:

52 кг чейин

3-орун — Эдил Субанбеков

60 кг чейин

2-орун — Адилет Кубанычбек уулу

65 кг чейин

2-орун — Атай Отогонов

70 кг чейин

3-орун — Фарух Мамазаиров

75 кг чейин

2-орун — Амантур Турсунали уулу

81 кг чейин

2-орун — Даниэль Темирбеков

87 кг жогору

1-орун — Сыймык Жапаров

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком