20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

С.Жээнбеков Кувейттин министри менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

09:43, 20 аяк оона 2019 41

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-сентябрда Кувейттин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент менен министр өлкөлөр ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы Кувейт менен эки тараптуу аракеттенишүүнү өстүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кувейт тарапка экономикалык жана финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун ишмердигин белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчысы «Ас-Салам», «Ас-Сафа» жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонддорунун жакшы ишмердигин канааттануу менен белгиледи. Ал өлкөлөр аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун өстүрүү зарылдыгын баса белгилеп, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, медицина жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Кувейттин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф Кувейт тарап бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал инвестициялык сунуштарды карап чыгып, биргелешип иштетүүгө даярдыгын билдирди.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком