00:47, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардын» камераларын талкалаган шектүүлөрдүн бири кармалды (видео)

На русском
09:08, 20 аяк оона 2019 91
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Бишкек шаарындагы баш аламандык учурунда камераларды талкалаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 9-августка караган түнү жаш жигиттердин тобу А.Токомбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жолду жабышкан. Алар жолдон өтүп бара жаткан унааларды токтотуп, айдоочуларды коркутушкан.

«Шектүүлөр ИИМдин бир нече кызматтык унаасын зыянга учуратып, "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларын талкалашкан. Окуядан кийин алар качып кетишкен. Бул иш-аракеттердин кесепетинен 3 млн сом зыян келтирилген. Аталган факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн бири — 1993-жылы туулган М.С. кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Милиция калган шектүүлөрдү издөөнү улантып жатат. Кармалган шектүүдөн жабыркагандар 0 (505) 39-88-00, 0 (550) 10-25-99 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком