18:35, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери жолугушту

На русском
09:36, 20 аяк оона 2019 48
Чыңгыз Айдарбеков жана Эльмар Мамедъяров
Чыңгыз Айдарбеков жана Эльмар Мамедъяров

Баракелде -  Будапешт шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мамлекеттер ортосунда кыйла чоң дарамет бар экенин айтып өтүштү. Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү жолу менен саясий диалогду жандандыруу маселелерин талкуулашты.

Ал эми Ч.Айдарбеков жакынкы арада экономикамикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын уюштуруу жолу менен экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Бишкек шаарында Гейдар Алиев атындагы эс алуу паркын жана жалпы билим берүү мектебин курууга өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде алар эки элдин жана эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана боордоштуктун символу болуп калаарын белгилешкен.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, алардын шайлануучу органдарына колдоо көрсөтүү маселелери талкууланып, тараптар эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча дагы пикир алмашты», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком