19:59, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

12 жаштагы Бебез Саид дайынсыз жоголду

На русском
08:27, 20 аяк оона 2019 112

Баракелде -  12 жаштагы Бебез Саид дайынсыз жоголуп, изделип жатат. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 16-сентябрда Свердлов РИИБге И.Н.(аял киши) аттуу шаар тургуну кайрылып, өспүрүм баласы жоголгонун билдирген.

Арыз ээсинин уулу — 2007-жылы төрөлгөн Бебез Саид Идрисович Дордой конушундагы үйүнөн 16-сентябрда саат 15:00 чамасында чыгып кеткен. Ошол бойдон кайда экени белгисиз. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Анын бою 145-150 см, чачы кара. Ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Бебез Саид тууралуу маалыматы барлар (0553) 10-23-87, (0702) 22-85-05, (0702) 49-88-88, (0552) 10-27-43 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком