20:01, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ички иштер министринин орун басары Кой-Таштагы чабуул тууралуу айтып берди

На русском
18:56, 19 аяк оона 2019 345
Курсан Асанов во время переговоров с Атамбаевым
Курсан Асанов во время переговоров с Атамбаевым

Баракелде -  Бүгүн, 19-сентябрда өкмөттө Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Анда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев 7-8-августта Кой-Таш айылындагы баш аламандыкта кандай милдеттерди аткарганын айтып берди.

Комиссиянын мүчөлөрү андан окуя тууралуу айтып берүүнү суранышты.

«Алмаз Кыдырмаевич, сиз 7-8-августта окуя болгон жерде болгонсуз да. Болгон маалыматыңызды айтып бериңизчи», - дешти комиссиянын мүчөлөрү.

Орозалиевдин айтымында, 7-августта ок атышуу башталганда ал Балыкчыда болгон. «Интернеттен билип, дароо министрге чалдым. Ал Нарында, Солтон-Сарыда болчу. Ал Кой-Ташка барышым керек экенин айтты. Министр ал жердеги кырдаалды Курсан Асанов жөнгө салып жүргөнүн айтып, “Баргыла, жардам бергиле“ деди», - деп Орозалиев айтып берди.

Анын айтымында, Кой-Таш айылынан 300 метр ары жакта ИИМдин өздүк курамы жүргөн. Түштүк тарабы айыл чарба техникасы жана таш менен тосулган. «Өздүк курам жөн эле турган. Эч кандай кыймыл болгон эмес. Мен ал жерге басып барганымда жол жакта биздин кесиптешибиз Курсан Асанов турган», - деди ал.

- Мен жетекчилерди чогултуп, тапшырма бердим. Биз баарын аскердик тартипке келтирип, кыймылдап баштадык.

Биринчи тракторду алып, алдыга жылып баштадык. Андан кийин Маевка жакка бурулуш бар. Ал жакта бир нерсе күйүп жатты. Бул убакытта ар кайсы жерден 200дөй адам чогулуп калган. Алар милиционерлерге таш ыргытып башташты. Ошондо таш Чүй ОИИБдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына тийген.

Чогулган адамдарды кубалап, Атамбаевдин үй тарабына жылып баштадык. Бир аз убакыттан кийин бизге карай бир топ адам келе жатыптыр. Караңгыда ал жерде ким болгону так көрүнгөн жок. Жакындаганда гана ким экени көрүндү. Алар — Асель Кодураңова менен Равшан Жээнбеков экен. Экөөнү эле тааныдым. Курсан Сатарович алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп башташты. Биз токтодук.

«Атамбаевдин үйү тараптан кайрадан адамдар топтолуп баштады. Мен Курсан Сатаровичке сиз бул жерде калыңыз, мен түндүк тараптан барам дедим. Баш аламандык боюнча маалымат түшүп, ошондуктан биз бөлүндүк. Мен ишимди баштадым.

Асанов Курсан Сатарович депутат Асел Кодураңова менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул сүйлөшүүлөр 30-40 мүнөткө созулду. Алар эмне тууралуу сүйлөшкөнүн билбейм», - деди ал.

Ал андан кийин 8-августтагы окуялар боюнча айтып берди.

«Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, ага катышкан жокмун. Бизди министр чогултуп, тапшырма берди. Саат 14:30 чамасында Кой-Таш тарап жакка бардык. Өздүк курамды чогулттук. Мага чабуул жасаган топту жетектөөнү тапшырышты.

Өздүк курамды алып, Атамбаевдин үйү тарапка жылдык. Чабуул башталды, убактысын так айта албайм. Биз тосулган жолдорду тазаладык, 5-6 жерде жол тосулган. Ал жерде дарактар, кыш жана бетон бар болчу. УКМКнын унаалары жетисинде (7-август) калып калган окшойт. Өрттөнүптүр, алар менен жолду далдалап коюшуптур», - деди ал.

- Атамбаевди алып чыгышканда сиз бар белеңиз?

- Ооба, ошол жерде болчумун.

- Кандай болду?

- Чабуул жасаган топ киргенде биз курчоого алдык.

- Кантип курчоого алдыңар, ичинде ким жетектеди? Сырттачы?

- Сырттагы курчоону Курсан Асанов жетектеди, бул тапшырманы министр берген.

- Атамбаевди канчада алып чыгып кеттиңер?

- Азыр так айта албайм. Болжол менен 19:00дөн кийин.

- Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү ким жүргүздү?

- Алгач министр эки жолу кирип, сүйлөшүп чыкты.

- Курсан Асанов кайсы учурда кирди?

- Муну айта албайм.

- Ага сүйлөшүү жүргүзүүгө ким уруксат берди?

- Айта албайм. Менин көзүмчө мындай укук ага эч ким берген эмес.

- Сиз сүйлөшүү жүргүздүңүзбү?

- Жок. Мага мындай тапшырма берилсе, сүйлөшүү жүргүзмөкмүн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком