20:00, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

12 миң сомдук телефон уурдаган жаш жигит кармалды

На русском
19:59, 19 аяк оона 2019 101

Баракелде -  Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

14-сентябрда Биринчи май РИИБге М.С. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу арызында 4-сентябрда таңкы саат 04:00 чамасында Ахунбаев көчөсүндө 12 миң сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун алдап алган жигитке чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү — 2001-жылы туулган Б.Ж. колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал соттун чечими менен №1 абакка 2 айга камакка алындв.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком