20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын курамасы 97-орунга төмөндөдү

На русскомEnglish
21:41, 19 аяк оона 2019 122
Сборная Кыргызстана по футболу
Сборная Кыргызстана по футболу

Баракелде -  Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 97-орунга жазылды. Жаңыланган рейтинг бүгүн, 19-сентябрда ФИФАнын сайтына жарыяланды.

Кыргызстандык футболчулар отчеттук мезгилде 1 беттеш өткөрдү. Машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигиндеги курама 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо раундунда тажикстандык футболчулардан утулду. Бул оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамасы 95-орундан 97-орунга түштү.

Ал эми Тажикстандын курамасы 4 позицияга көтөрүлүп, 115-орунга жазылды. Ошондой эле Япониянын командасы Мьянманын футболчуларын жеңгенден кийин 31-орунду ээледи.

Кыргызстандын кезектеги атаандашы болгон Мьянма 10 позицияга төмөндөп, 145-орунду алды. Моңголия 4 позицияга жогорулап, 183-орунга жазылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком