18:44, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

2 адамды катуу сабаган бир туугандар абакта камералаштары менен мушташты

На русскомEnglish
15:08, 19 аяк оона 2019 2092
Шектүү бир туугандар
Шектүү бир туугандар

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эки жаранды катуу сабаган шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) камерадагылар менен мушташты. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен бир туугандарды текшертүү үчүн Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып барышкан.

«Алар олуттуу жаракат алган эмес. Шектүүлөр №47 түзөтүү абагына которулду. Болжолдуу маалымат боюнча, мушташ 19-сентябрга караган түнү болгон. Учурда мушташтын себеби аныкталып жатат», - деп айтылат маалыматта.

--------------------------------------------------------------------

Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинчерээк бул беренелер Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн.

--------------------------------------------------------------------

4-сентябрда Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташ боюнча милициянын майору (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган.

--------------------------------------------------------------------

7-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда эки адамды катуу сабаган бир туугандар СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалган. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Окуя 28-августта болсо, 6-сентябрда таң эрте шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү барган.

--------------------------------------------------------------------

10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышев кармалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком