02:55, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:49, жетинин айы 18 2019 (7 адам окуп жатат)
Оштогу унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду
11:04, жетинин айы 17 2019 (6 адам окуп жатат)
Алайдын 44 жаштагы тургуну изделип жатат
09:46, жетинин айы 18 2019 (1 адам окуп жатат)
Ошто асынып алган сержант 22 жашта болчу

«Апама айта албай…»: Чек арадагы ок атышууда каза болгон аскер кызматкеринин бир тууганы (сүрөт, видео)

На русском
19:10, 18 аяк оона 2019 1095

Баракелде -  Кыргыз-тажик чек арасында (Баткендин Лейлек району) атылган октон «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери, прапорщик Равшан Муминов көз жумган. Ал кечээ, 17-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун катышуусунда акыркы сапарга узатылды.

Маркумдун бир тууганы Хусанбай Муминов Turmush басылмасына Равшан Муминов жарандарга жардам берүүгө аракет жасап келгенин айтып берди. Алар акыркы жолу 3 ай мурун көрүшсө, 3 күн мурун телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

«Биз үй куруп жатабыз, пайдубалын түптөгөнбүз. Курулуш үчүн кыш куюп жатканбыз. Телефондон сүйлөшкөндө жакын арада келип, курулушка жардам берерин айткан. Ал топурак ташыса, биз кыш куймакпыз.

Анын каза болгонун саат 01:30 чамасында билдик, эжем телефон чалды. Ал апам жана иниме кабарды угузбай турууну айтты. Эртең мененки саат жетиге чейин эч нерсе айта алган жокпуз… Апам ооруканадан жакында эле келди.

Равшан унаа сатып алгандан кийин апамды ар кандай иш-чараларга алып барчу. Тагдыр ушундай жазылган окшойт, андан айрылып калдык...», - деди ал.

Р.Муминов 1978-жылы 31-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Ага Максат калктуу конушунда кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө тажик тараптан атылган ок тийип, оор жаракаттын кесепетинен каза болду. Анын артында жубайы, 3 баласы жана апасы калды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком