03:12, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектик тургунга бычак сайган жигит кармалды

На русском
19:47, 18 аяк оона 2019 122
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарында жергиликтүү жашоочуну бычак менен сайып, качып кеткен 25 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

28-августта Октябрь РИИБдин 102 кызматына саат 01:00 чамасында 7-кичи райондогу турак үйдүн жанында бычактан жаракат алган жаран тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Ал жерден Т.А. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, агасына белгисиз жаран бычак сайган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Октябрь РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү — 1994-жылы туулган Э.М. колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал соттун чечими менен №1 абакка 2 айга камакка алынган.

Шектүүдөн жабыркагандар 0(555) 93-11-93, 0(709) 93-11-93 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком