00:51, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт, видео: Бишкекте жол куруу иштерине тоскоолдук жараткан дубалды бузушту

На русскомEnglish
15:24, 18 аяк оона 2019 993

Баракелде -  Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери Кара-Көл көчөсүндөгү оңдоо иштерине тоскоолдук жараткан дубалды бузушту. Дубалды бузуу бүгүн, 18-сентябрда саат 09:00гө пландалган. Бирок үй ээлери сот аткаруучуларга эшикти ачышкан эмес.

Кара-Көл көчөсү Кытай мамлекетинен алынган гранттын долбоорунун 1-фазасы боюнча 2018-жылы эле кеңейтилиши керек болчу. Бирок соттук териштирүүлөрдөн улам оңдоо иштери созулуп кеткен. Аталган көчөнү 15 метрге кеңейтип, эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуар куруу пландалып жатат. Ошондой эле көчөгө ирригациялык система курулат.

карта

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулунун айтымында, учурда аталган көчөдө курулуш иштери улантылып жатат, бирок короонун дубалы тоскоолдук жаратууда.

«Башкармалык дубалды бузуу тууралуу эскертүү берген. Учурда сот аткаруучулар соттун чечимин аткарып жатат. Документ боюнча үйдүн аянты 5,5 сотых, бирок алар 8,5 сотых кылып алышкан. Алар муниципалдык аймактын 3 сотых жерин ээлеп алган», - деди ал.

Аталган башкармалык Кулатов көчөсүнө чейинки бир нече дубалды бузууну пландап жатат.

«Кара-Көл көчөсүндөгү 8 дарбазаны бузуу керек. Соттук териштирүүлөргө көп убакыт кетти. Үй ээлери өз эрки менен курулушту бузбагандыктан мажбурлап бузууга туура келди. Жашоочулар үйдү жакында эле сатып алганын, дубал буга чейин курулганын айтып жатышат», - деди ал.

№58 үйдүн ээлери — Аташевдердин жактоочусунун айтымында, жер тилке буга чейин Ткачёва аттуу жаранга таандык болгон.

«Андан үйдү гана сатып алышкан. Ал эми дубал турган 3 сотых жер Ткачёвага таандык. Тактап айтканда, Аташевдердин кызыл китебинде короонун дубалы жок. Дубал бузулса үй ээлери Башкы прокуратурага кайрылат», - деди ал.

Мэриянын өкүлүнүн айтымында, Мамлекеттик каттоо казыматында да аталган дубал катталган эмес.

Аташевдердин жактоочусу Эрик Ирискулбековдун пикири боюнча, аймак Ткачевага (учурда Кыргызстанда эмес) таандык болгондуктан дубал мыйзамсыз бузулду.

«Сот аткаруучулар адаштырып жатышат. Соттун чечиминде Кара-Көл көчөсү №58 дарегиндеги А.Аташев менен Д.Аташевага таандык жер тилкедеги тоскоолдукту дубалды бузуу менен жок кылуу тууралуу айтылган. Бирок Аташевдердин жер тилкесинде дубал жок. Дубал Ткачевага таандык аймакта, соттун бул боюнча чечими жок. Үй ээлери өзүнүн гана аймагын коргоп жатат. Соттун чечиминде Аташевдерге тиешелүү дубалды бузуу керектиги айтылган. Эмне үчүн Аташевдер соттошуп жатат? Анткени алардын аймагында дубал жок», - деди жактоочу.

Кийинчерээк Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан дубал бузулду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком