18:38, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Сооронбай Жээнбеков чек арадагы жаңжалда жабыркагандардан кабар алды

На русскомEnglish
11:32, 18 аяк оона 2019 526

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты. Жаракат алгандарга президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара тилкесиндеги ок атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 адам Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Алардын абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, жаракат алган 3 адамдын абалы оор болгонуна байланыштуу Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон жок жана аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком