23:30, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат чек ара маселесин чечүү жолун сунуштады

На русском
10:48, 18 аяк оона 2019 240
Исхак Пирматов
Исхак Пирматов

Баракелде -  Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу — делимитация, демаркация процессин бүтүрүү. Мындай пикирди депутат Исхак Пирматов («Бир бол») социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, бул процесс Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушу жана анын гана компетенциясы. Ушул комиссиянын гана чечимдери юридикалык күчкө ээ.

«Тилекке каршы, тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге таптакыр туура келбеген шарттарды айтып , компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо — өтө туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси — Баткен облусу аркылуу Тажикстанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу. Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек. Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга тез арада эрки жетет деп ниеттенели», - деп жазды депутат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком