02:55, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чек арадагы жаңжал чыккан жерге кайсы депутаттар барды? Сүрөт

На русском
07:55, 18 аяк оона 2019 1981

Баракелде -  Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кечээ, 17-сентябрда Баткен облусуна барды. Жергиликтүү жашоочулар чек арадагы жаңжал жана көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө вице-спикер Мирлан Бакиров эл аралык практика боюнча мамлекеттик чек аралардын такталбаган тилкелери өзгөчө макамга ээ экенин айтты.

«Мындай тилкелерге социалдык жана башка объекттер курулбайт. Бул учурда Тажикстан курулуш баштап, эл аралык практиканы бузду», - деди ал.

Анын айтымында, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо ишин тездетүү керек. Ал парламенттин бүгүнкү отурумунда чек арадагы жаңжал тууралуу маалымат беришерин кошумчалады.

«Аталган жаңжал — бүгүнкү же кечээки эле чыр эмес. Маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек», - деди вице-спикер.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, учурда чек арада абал турукташты.

«Жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууда алар тажикстандык чек арачылар биринчи ок чыгарганын айтышты. Алар Максат айылындагы мектепти атышкан. Жашоочулар тажик тарап алдын ала даярданып, чек арага атайын техника тартканын белгилешти», - деди депутат.

Жаңжал чыккан аймакка барган депутаттык делегациянын курамы: вице-спикерлер Аида Касымалиева, Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Талант Мамытов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком