03:12, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: М.Абылгазиев чек арачы Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

На русскомEnglish
19:40, 17 аяк оона 2019 330

Баракелде -  Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, чек арачыны акыркы сапарга узатууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана маркумдун кесиптештери катышышты.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып: «Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат», - деди.

Ал маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларды тийиштүү көңүл буруусуз жана кам көрүүсүз калтырбай турганын баса көрсөттү. Ошондой эле Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Р.Муминов 1978-жылы 31-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Ага Максат калктуу конушунда кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө тажик тараптан атылган ок тийип, оор жаракаттын кесепетинен көз жумду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком