18:39, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Садыр Жапаровдун уулу менен бирге жол кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты

На русском
16:19, 17 аяк оона 2019 2320

Баракелде -  Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу менен бирге жол кырсыгына кабылган кыз ооруканадан чыгарылды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.

Садыр Жапаров со своим сыном Дастаном
27 жаштагы Дастан Садыр уулу 26-августта эртең менен ооруканада көз жумган. Ал 22-августта саат 22:30 чамасында болгон жол кырсыктан бери жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Маркум башкарып бара жаткан мотоциклди «Тойота Матрикс» унаасы сүзгөн. Кийинчерээк Садыр Жапаров жана туугандары унаанын айдоочусуна карата арызданбаганы белгилүү болду. ЖАМК уруксат берип, уулун акыркы сапарга узатууга С.Жапаров да катышкан.

Маркумдун артында учкашып бара жаткан кыз — 1998-жылы туулган К.Д. ооруканадан үйүнө 5-сентябрда чыгып кеткен. Учурда абалы канааттандырарлык.

Кырсык учурунда тартылган видео:

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком