20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чек арадагы ок атышуу: Лейлектен Бишкекке жеткирилген жабырлануучулар. Сүрөт, видео

На русскомEnglish
15:46, 17 аяк оона 2019 587

Баракелде -  Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок тийип жаракат алган 10 адам жеткирилди. Аларды бүгүн, 17-сентябрда Лейлек районундагы аймактык ооруканадан аскердик учак менен «Кант» авиабазасына алып келишкен.

Дагы 3 аскер кызматкери аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. Оор жаркат алган прапорщик Равшан Муминов кечээ, 16-сентябрда көз жумган.

Сүрөт: Кыргыз-тажик чек арасында ок тийип каза болгон аскер кызматкеринин 3 баласы калды

Борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, Бишкекке жеткирилген жабырлануучуларды дарыгерлер толук текшерүүдөн өткөрүшөт.

«Алар жаңы гана алынып келди. Азырынча киминин абалы кандай экенин жакшы биле элекпиз. Текшерүүдөн өткөргөндөн кийин жаракатын так билебиз», - деди дарыгер.

Аталган борбордогу жабырлануучулардын алтоо жергиликтүү жашоочулар болсо, төртөө аскер кызматкери.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком