17:29, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: Тажикстандын 3 аскер кызматкери каза болду, - ЖМК

На русскомEnglish
17:40, 17 аяк оона 2019 760

Баракелде -  Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда тажикстандык 3 аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу «Азия-Плюс» сайтына Тажикстандын күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

Каза болгон аскер кызматкерлери:

- Овчикалача айылдык кеңешинин коменданты, подполковник Убайдуллоев Рустам Амонулоевич. Ал 1984-жылы туулган, Гиссар шаарынын тургуну;

- 1998-жылы туулган Исломов Рамазон Ахмадович, катардагы кызматкер;

- 2000-жылы туулган Суванов Гиёсидин Надмидинович, катардагы кызматкер.

«Ахбор» сайты каза болгон жана жабыркагандардын тизмесин жарыялады.

9-17-2019-9-01-25-AM-8661248

Жабыркагандар:

- 1999-жылы туулган Мухаммад Ашурзода, аскер кызматкери. Сол көзү тарапка ок тийген, операция бөлүмүндө;

- 2000-жылы туулган Шохрухи Сафархуджа, аскер кызматкери. Октон жаракат алган;

- Идибек Шамсиев, Тажикстандын УКМКнын офицери. Ок башына тийген, жандандыруу бөлүмүндө;

- 2000-жылы туулган Сомон Шодиев катардагы аскер кызматкери. Сол колуна ок тийип, жаагынан жаракат алган;

- 1985-жылы туулган Саидмумин Негматов, Овчикалача аймагындагы чек ара бөлүмүнүн башчысы, октон жаракат алган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тарап биринчи ок чыгарган. Окуя болгон жерден 14 адам (чек арачылар жана жергиликтүү жашоочулар) жаракат алып, алардын бирөөсү (чек арачы) ошол жерде каза болду.

Тажикстандын жарандары мамлекеттик чек арадагы такталбаган тилкеде курулуш иштерин жүргүзүп баштаган. Буга жооп катары Кыргызстандын жараны да аталган тилкеде үйүнүн аймагында курулуш иштерин жүргүзүп, анын кесепетинен жаңжал чыккан.

Кийинчерээк Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара бөлүмү расмий маалымат таратты.

«Кыргызстан тарап 16-сентябрда саат 18:45те Бобожон Гафуров районунун Овчикалача айылдык кеңешинин Бахор аймагында курулуш баштаган. Бахордун жашоочулары Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине тоскоолдук жаратып, курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. Кыргызстан тарап чек аранын такталбаган тилкелерин аныктаган эки тараптуу макулдашууларга карабай, окуя болгон жерге 250-300 адамдан турган кошумча күч тартты. Андан кийин алар провокациялык иш-аракеттерди жасап, саат 19:00 чамасында куралсыз Бахор аймагынын жашоочуларына ок чыгарышты. Анын кесепетинен Тажикстан Республикасынын жарандары октон жаракат алды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком