16:35, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандан 500 000 долларлык ташты алып кетүүнү пландашкан (сүрөт)

На русскомEnglish
12:26, 17 аяк оона 2019 642

Баракелде -  «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кымбат баалуу ташты табышты. 500 000 долларга бааланган 11,6 кг салмактагы кызыл кордун табигый ташын Кыргыз Республикасынын жараны өлкөдөн алып кетүүнү пландаган.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү, чыгаруу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн. Анын алкагында А.Р. аттуу жаранга тиешелүү жүк текшерилип, декларациядан өтпөгөн табигый таш табылды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө берилди.

IMG-20190917-WA0001

IMG-20190917-WA0000

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком