19:57, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Кыргыз-тажик чек арасында ок тийип каза болгон аскер кызматкеринин 3 баласы калды

На русском
00:21, 17 аяк оона 2019 (Жаңыланды: 10:25, аяк оона 17 2019) 3596
Площадка Футбольное поле, село Максат Лейлекского района
Площадка Футбольное поле, село Максат Лейлекского района
// Turmush

Баракелде -  16-сентябрда кечинде кыргыз-тажик чек арасында (Баткендин Лейлек району) атылган октон «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери, прапорщик Равшан Муминов көз жумду. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айткан Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, анын артында апасы, жубайы жана 3 баласы калды.

Равшан Муминов погиб во время обстрела гранатометов

Р.Муминов 1978-жылы 31-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Ага Максат калктуу конушунда кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө тажик тараптан атылган ок тийип, оор жаракаттын кесепетинен көз жумду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 6 чек ара кызматкери жаракат алды. Алардын экөөнүн абалы оор.

Бүгүн, 17-сентябрдагы акыркы маалымат боюнча, учурда ооруканада жалпы 13 жабырлануучу (чек арачылар жана жергиликтүү жашоочулар) бар (тизме).

Чек арадагы ок атышуу эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 16-сентябрда саат 21:30 чамасында токтогон.

Бүгүн эртең менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна учуп келди. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектен жолго чыгышкан.

Бүгүн чек арада абал туруктуу. Чек арачылар, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком