20:00, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков: Латын алфавитине өтүүнүн кажети жок

На русскомEnglish
17:58, 16 аяк оона 2019 1654

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-сентябрда Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Назаркул Ишекеев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлө турчу майрамдык иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасындагы чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент менен төрага мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жарандарга кеңири жайылтуу жана тил саясатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана пайдалануу менен чектелбей, бардык тармакта кеңири пайдалануу зарылдыгын эске салды.

«Кыргыз тилинин кадыр-баркын өнүктүрүү, коомдун бардык чөйрөлөрүндө, өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында кеӊири колдонуу абзел. Илим, билим, маданий жана экономика тармагында мамлекеттик тилди тереӊ киргизүү— негизги милдетибиз», - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Президент латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин айтты.

«Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек», - деди ал.

-----------------------------------------------------------------------

11-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алтынбек Сулайманов («Бир бол») латын алфавитине өтүү маселесин көтөргөн. Отурумда билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралган болчу.

А.Сулайманов латын тамгасына өтүү кыргыз тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп эсептейт.

«Эгер мамлекетте мүмкүнчүлүк бар болсо, анда латын тамгасына өтүүнү колдойм», - деген К.Исаков.

Ушул эле күнү Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком