00:57, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нур-Султандагы көчөгө Чыңгызхандын уулунун атын ыйгаруу сунушталды

На русском
09:53, 16 аяк оона 2019 94

Баракелде -  Казакстандын депутаты Бахытбек Смагул Нур-Султан шаарынын бир көчөсүнө Чыңгызхандын уулу — Жучи хандын ысымын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы билдирди.

«Алтын ордонун 750 жылдыгынын алкагында Нур-Султан шаарынын негизги көчөлөрүнүн бирине Жучи хандын ысымын ыйгарууну жана ошол эле көчөдө чоң улустун эстелигин орнотууну сунуштайм. Бул биздин улуттук духубузду көтөрүп, мамлекеттүүлүгүбүздү бир гана биздин жарандарга эмес, борбордун ар бир коногуна көрсөтөт», - деди депутат.

Жучи хан Чыңгызхандын эң улуу баласы болгон. Ал аскер башчы болуп, Орто Азияны басып алууга катышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком