00:53, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга барат

09:20, 16 аяк оона 2019 75

Баракелде -  Будапешт шаарында 12-сентябрь күнү Кыргызстандын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин маалымдоо жана эл аралык репрезентациялоо маселелери боюнча мамлекеттик катчысы, өкмөттөр аралык кыргыз-венгер комиссиясынын экономикалык кызматташтык боюнча тең төрагасы Тамаш Менцер менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар 23-24-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган өкмөттөр аралык кыргыз-венгер комиссиясынын биринчи жыйыны боюнча даярдыктарды талкуулашты.

«Муну менен бирге тараптар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында эки тараптын күн тартибинде каралган саясий, экономикалык жана билим берүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун 2019-жылы Венгрияга болгон расмий иш-сапарынын жыйынтыктарын ишке ашырууну жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга боло турган расмий сапарынын даярдыктары тууралуу сүйлөшүштү.

Ушул эле күнү элчи Б.Жусупов "WizzAir" венгер авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком