00:58, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Биринчи шамал же жаанда кулап калат»: Тажик президенти үй курдурган кудасын сындады

На русском
11:37, 13 аяк оона 2019 4912

Баракелде -  Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Куляб шаарындагы жаңы объекттердин ачылышына катышты. Ал айрым имараттардын сапаты төмөн экенин айтып, кудасын сындаганын «Ахбор» басылмасы жазды.

11-сентябрда 13 кабаттуу турак үйдүн ачылышы өттү. Президент имаратты курдурган Байланыш кызматынын башчысы Бег Сабурду (Э.Рахмондун кудасы) сындаган.

«Бул жерге эмне кургансың? Биринчи шамал же жаанда эле кулап калат!», - деп кайрылды президент кудасына.

Расмий маалыматта Бег Сабурдун аты аталган эмес. 13 кабаттуу имаратты «Комил-2010» компаниясы курдурганы маалымдалган. Ал эми компания Бег Сабурдун уулу Сиёвуш Зухуровго катталган.

Куляб шаардык администрациясындагы булак «Ахбор» басылмасына Э.Рахмон кудасы курдурган имаратка нааразы болгонун тастыктады.

«Эмомали Рахмон Кулябда 16 объектти ачты, бирок алардын көпчүлүгүнүн сапатына канааттанбаганы көрүнүп турду. Куруучулардын көбү президент келгенге чейин куруу иштерин бүтүрүүгө аракет жасашты», - деди ал.

Булактын маалыматы боюнча, Бег Сабур курдурган имарат бир дагы талапка жооп бербейт. Өлкө башчы келгиче шашылыш түрдө дубалдар акталган. Дубалды шыбала электе актап коюшканын көрүүгө болот. Буларды президент өзү да көргөн.

Эмомали Рахмон Куляб шаарынын мэри Бахром Иноятзодга жана башка кызматкерлерге сапаты начар имараттарды курдурган компанияларга чара көрүүнү тапшырды. Президенттин сынынан кийин басма сөз кызматы имараттардын сүрөтүн жарыялаган жок. Бирок Рахмон кызыл тасма кесип жаткан учурда тартылган сүрөт жарыяланды.

---------------------------------------------------------------

Буга чейин «Ахбор» басылмасы Тажикстандын Куляб шаарында Байланыш кызматынын башчысы — президент Эмомали Рахмондун кудасы Бег Сабур ИИМдин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкери менен мушташканын билдирген.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, милиционер президент Рахмондун Кулябга боло турган иш сапарынын алдында объектилерди текшерип чыккан. Ошондой эле шаардык парктын жанында Бег Сабур курдуруп жаткан имаратты дагы текшерүүнү чечкен. Ага ал текшере турган имарат президенттин кудасыныкы экенин эскертишкен. Бирок милиция кызматкери: «Бул имарат Бегдинби же дегдинби (тажик тилинде кемсинтүү сөзү) мага баары бир», - деген.

Бул сөзүн Бег Сабур өзү угуп калып, милиционерге кол салган. Анын туугандары дагы кошулуп, милициянын офицерин сабап салышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком