16:48, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202037 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды

4 жигиттин өмүрүн алган кырсык: Унаа үлпөт тойдун кортежин коштоп бара жаткан, - милиция

На русском
19:09, Аяк оона айынын он экиси, 2019 9770
Кадры с места ДТП
Кадры с места ДТП

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги жол кырсыктан каза болгон 4 өспүрүм үйлөнүү тойдун кортежин коштоп бара жатышкан. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, 9-сентябрда саат 14:30 чамасында «Шкода Октавия» үлгүсүндөгү унаа үлпөт тойдун кортежин коштоп бара жатып, артта калып калган.

«Унаа Ч.Айтматов проспектисинде түндүк тарапка бара жатканда каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдү ташыган автобус менен кагышкан. Учурда ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жол кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы №8 автобус менен кагышып, талкаланган. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган автобус даракты сүзүп токтогон.

Жеңил унаада 5 адам — 4 жигит жана 1 кыз бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 4 жигит ошол жерде каза болгон. Жол кырсыктан жабыркаган кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

«Бейтап — 2002-жылы туулган А.Н. жандандыруу бөлүмүндө, абалы абдан оор. Анын боору жабыркаптыр, операция жасадык. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деп билдирген Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.

Ал эми жол кырсыктан каза болгон өспүрүмдөрдүн баары 2002-жылы төрөлүшкөн.

Бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком