18:45, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ө.Текебаевдин иши: «Мегаком» боюнча жолугушуу өткөн иш бөлмө кимге таандык болгон?

На русском
15:34, 12 аяк оона 2019 420

Баракелде -  Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова «Мегаком» иши боюнча Текебаев кантип кармалганын эстетти. Анын айтымында, күбө Маевский менен Текебаев жолуккан делген Өкмөт үйүндөгү №306 иш бөлмө Текебаевге таандык эмес болчу.

«Кабинет Атамбаевдики болчу», - деди жактоочу.

Жактоочу бул сөздөрдү тастыктай турган күбөлөр бар экенин айтып, Маевский ошол учурда ким менен жолукканын тактоо керек экенин кошумчалады.

Ал эми Ө.Текебаев иш бөлмө ага таандык болбогондуктан иште жасалмалуулук бар экенин билдирди.

-------------------------------------------------------------

21-августта Жогорку сотто мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот отуруму өткөн. Сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ишин кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алган болчу.

Жогорку соттун токтому менен Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго карата чыгарылган Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы, Жогорку соттун 2017-жылдын 21-ноябрындагы жана 2019-жылдын 3-майындагы өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Жактоочулар Жогорку соттон Өмүрбек Текебаев менен мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү суранышкан.

29-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи, мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган.

-------------------------------------------------------------

2019-жылы 3-майда Жогорку соттун соттук коллегиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Соттук коллегия Кылмыш-процесстик кодексинин 384-389-беренелерин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылган. Токтомдо: «Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемесинин башчысы Мамбетовдун соттолуучу Өмүрбек Текебаевге карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо сунушу жана анын кызыкчылыгын жактаган жактоочулар Жаныбеков, Асманбаевдин арыздары, жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин башчысы Сатыбалдиевдин соттолгон Дүйшөн Чотоновго карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо жөнүндө сунушу канааттандырылсын. Соттук акциялардын бөлүмүнөн соттолгон Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөн Тезекбаевичке карата колдонулган үй-мүлкүн конфискация кылуу жазалары алынсын. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылсын. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт», - деп айтылат.

-------------------------------------------------------------

Ө.Текебаев 2017-жылы 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком