20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги мушташ: Мурунку милиционер шектүү инилерин милицияга өзү жеткирген, - жактоочу

На русскомEnglish
15:13, 12 аяк оона 2019 323

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташ боюнча Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышев кызматынан бошотулуп, камакка алынган. Бүгүн, 12-сентябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында анын жактоочусу Динара Медетова мурунку милиционер мыйзамсыз камакта жатканын билдирди.

Казыбек Бапышов — эки жаранды катуу сабаган шектүүлөрдүн бир тууганы. Мушташтын кесепетинен эки адам оор жаракат алган. Ал эми шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайда камакта.

Динара Медетова: «10-сентябрдагы чуулгандуу мушташ боюнча УКМКнын кызматкерлери тарабынан Казыбек Бапышов кармалган. Ал жабырлануучуларды сабаган балдардын бир тууган агасы. Окуя болгон күнү иниси Казыбек Бапышовго чалып, балдар менен мушташып кеткенин айтат. Ал мушташ болгон жерге келип, эки инисин Ленин РИИБдин №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирген. Бөлүмдөн аларды милиция кызматкерлерине тапшырып, андан кийин өз жумушуна шашып кеткен. Анын бул ишке эч кандай тиешеси жок жана күнөөсү далилдене электе мыйсамсыз камалды деп эсептейм», - деди.

Ошондой эле Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Казыбек Бапышовго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын иш-аракети кылмышты жашыруу же кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп табылган.

«Бапышовго карата козголгон иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-берененин 1-бөлүгү (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча катталып, тергөө иштери УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген», - деди Медетова.

Мындан сырткары Динара Медетова туура эмес маалымат тарап жатканына нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, шектүүлөр өз жазасын алуу керек.

«Мен өзүм милиция бөлүмүнө айыпталуучу балдарды алып барып, аларга тапшыргам. Бирок коомчулукка туура эмес маалымат таратылып жатат. Мен аларды коргобойм. Алар өз жазасын алышы керек, учурда сот чечимин күтүп жатабыз. Алардын агасы жөнүндө дагы бир тараптуу маалымат тарап жатат.

Бул жерде Бапышовдун укугу бузулду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренеси (Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн) боюнча аны кармоо мыйзамсыз деп эсептелет», - деди ал.

Маалымат жыйында жактоочу тиешелүү органдардан Бапышовдун ишин кайра карап чыгууну суранды.

--------------------------------------------------------------------

Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинчерээк бул беренелер Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн.

Шектүүлөр

Подозреваемые

--------------------------------------------------------------------

4-сентябрда Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташ боюнча милициянын майору кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган.

--------------------------------------------------------------------

7-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда эки адамды катуу сабаган бир туугандар СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалган. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Окуя 28-августта болсо, 6-сентябрда таң эрте шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү барган.

--------------------------------------------------------------------

10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышев кармалган.




Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком