16:10, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги эл аралык жарым марафонго 3 миңден ашуун адам катышат

На русскомEnglish
11:15, 12 аяк оона 2019 28
Забег «Сохраним снежного барса»
Забег «Сохраним снежного барса»

Баракелде -  15-сентябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө «Ак илбирсти сактайбыз» деген аталышта эл аралык жарыш өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, учурда аталган жарышка катышуу үчүн Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Беларусь Республикасы, Франция, Италия, Түркия, Улуу Британия, Түштүк Корея, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ, Кытай, Кирибати, Түштүк Георгия менен Сандвич аралдары, Молдавия жана Грузия өлкөлөрүнөн 3 миңден ашуун адам каттоодон өткөн.

Катышуучулар сунушталган 1 км, 5 км, 14 км жана 21,1 км аралыкка чуркоо дистанцияларынан каалаганын тандап алышат.

«Өзүнчө топко профессионал спортчулар бөлүндү. Учурда бул категорияга Россия, Украина, Казакстан, Беларусь Республикасы, Өзбекстан менен Кыргызстандан 26 жөө күлүк катталды», - дешти уюштуруучулар.

Профессионалдар арасындагы жарышка Кыргызстандан Дарья Маслова, Адилет Кыштакбеков, Мария Коробицкая, Илья Тяпкин менен Айтбай Бердигул уулу катышат.

Профессионалдар арасында (мырзалар менен кыз-келиндер өзүнчө) жеңүүчү аталгандар 630 миң сомдон байге алат. Жарыштын жалпы байге фонду 4,5 миллион сомду түзөт.

Байге фонду

21 км, (мырзалар жана кыз-келиндер):

1-орун — 630000 сом;

2-орун — 360000 сом;

3-орун — 180000 сом;

4-орун — 90000 сом;

5-орун — 54000 сом;

6-орун — 36000 сом.

21 км, сүйүүчүлөр арасында (мырзалар жана кыз-келиндер):

1-орун — 45000 сом;

2-орун — 22500 сом;

3-орун — 13500 сом.

1 км

5 км

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком