16:09, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бизди ачык эле «бараны» деп жатышат, - депутат

На русском
11:10, 12 аяк оона 2019 7021
Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

Баракелде -  Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө жарыш сөздө депутат Кожобек Рыспаев профсоюздар боюнча маселе көтөрдү.

«Бизде профсоюз деген "монстр" чыкты. Кабинеттен кабинет кыдырып, мыйзам жазып жатсак, ар кайсы депутаттын кабинетине кирип жатат», - деди ал.

Депутат колундагы баракты көрсөтүп, анда жазылган чакырыкты орус тилинде окуп берди.

«Доброе утро, скоро этих баранов будем выбирать...". Телефон менен ачык эле жазып жатышат. Биз ушунча кордукка чыдайбызбы? "Доброе утро. Надо ослабить всех тех, кто пропихивает новый закон о профсоюзах, чтобы эти б* не было в списках в 2020 году. Во всяком случае, в начале списков. И мы победим», - деп жазышты деди Рыспаев.

Депутат белгилегендей, профсоюздар мүлктөрдүн баарын сатып жатышат.

«Өкмөткө "поручение" (тапшырма) берели, ал мүлк мамлекеттики. Жанагы "совет директоров" (директорлор кеңеши) деген 28 киши мамлекеттин ичинде мамлекет болбосун. Биз бир дагы "законду" (мыйзам) өткөрмөйүнчө бир дагы мүлк сатылбасын», - деди ал.

Ал профсоюздарды мамлекеттик жерлерди сатып жиберишкен деп айтыптап: «Каалагандай айлыкты коюшса, каалагандай мүлктү сатышса, көлөчүн кие албай калганга чейин, 90дон ашкыча жумушта болушса, булар кудайдын эркесиби? Эмне деген мүлктөр бар. Биз ошого көңүл бурушубуз керек. Келип алып ар кайсыны айтып, тааныш-билиштерин салып…

Ачык эле "бараны" деп… Мен бир жолу чимкирик, элита деп койсом эмне деген асылуу болду. Чынын эле айтам, бул жерде кимдер отурат? Бири-бирибизди карап, колдоп, момундайларга бөгөт коюу керек», - деди.

Ошондой эле К.Рыспаев депутаттар профсоюздар боюнча мыйзамды колдоп, өткөрүшпөсө коомчулукка шылдың болуша турганын кошумчалады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком