16:13, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Хабиб Нурмагомедовдун кезектеги атаандашы ким?

На русском
10:41, 12 аяк оона 2019 187
Хабиб Нурмагомедов - Жорж Сен-Пьер
Хабиб Нурмагомедов - Жорж Сен-Пьер

Баракелде -  UFC уюмундагы жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттеши Жорж Сен-Пьера менен боло тургандыгын Х.Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз «ТМZ» басылмасы менен болгон маегинде билдирди.

«Менин билишим боюнча Хабибдин кийинки атаандашы – Жорж Сен-Пьер. Баары бир Тони Фергюсондун айтып жатканына эч ким көңүл бурбайт. Мен Сень-Пьер менен болгон мушташты каалап жатам. Ал эми Тони өз каалаганына жетпейт. Жорж экөөбүз 10 жылдан бери дос болуп келе жатабыз. Анын Хабиб менен беттешкиси келип жатканын жакшы билем. Ооба, Тони Фергюсон көп мушкерди жеңген, бирок эч качан чемпион болгон эмес. Ошол себептен биз үчүн Сень-Пьер менен беттеш манилүү.

Дана Уайт – бизнесмен. Ал Сен-Пьерге көп акча коюуларын түшүнүп жатат», - деди Али Абдель-Азиз.

7-сентябрда Нурмагомедов Дастин Порьени утуп, чемпиондук курун экинчи жолу коргоп калды. Ал эми Тони Фергюсон учурда UFC уюмундагы жеңил салмак боюнча рейтингде биринчи орунда турат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком