16:12, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ташкентте 23 жаштагы мушкерди өлтүрүп кетишти

На русском
09:51, 12 аяк оона 2019 3627

Баракелде -  Өзбекстандын Ташкент шаарында аралаш уруш боюнча мушкерди (ММА) өлтүрүп кетишти. Окуя 11-сентябрга караган түнү болгонун жергиликтүү басылмалар жазды.

Аталган шаарда жайгашкан кафелердин биринде эркек кишилер арасында жаңжал чыгып, чыр көчөдө уланып, мушташка айланган. Оор жаракат алган мушкер Муслим Омонов каза болду. Ал 23 жашта болчу. Спорттук карьеарасында аралаш уруш боюнча 7 жолу өлкө чемпиону болууга жетишкен. Ошондой эле кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болуп, аралаш уруш боюнча Азия биринчилигинде жеңүүчү аталган.

«Sherdog.com» басылмасынын маалыматы боюнча, Омонов профессионал мушкер катары 9 жолу беттеш өткөрүп, 5 жолу жеңип, 3 жолу утулган. Анын акыркы беттеши Дагестанда ушул жылдын июнь айында өткөн. Анда өзбекстандык мушкер атаандашы Абдулмуталип Гайырбеговдон упай боюнча утулуп калган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком