16:11, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Вице-премьер Ж.Разаков Россиянын финансы министри менен жолугушту

09:12, 12 аяк оона 2019 23

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары — финансы министри Антон Силуанов жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуунун жүзөгө ашырылышы, жогоруда айтылган макулдашууга ылайык техникалык жардам берүүнү тездетүү жана айрым иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтүн 2020-2021-жылга чейин узартуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Кыргызстан тарап макулдашууну ишке ашыруунун алкагында үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жол картасынын иш-чараларын аткарууну көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топтун ишин активдештирүүгө, макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында зарыл иш-чараларга үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү максатында зарылчылыгына жараша видео конференция түрүндө кеңешмелерди өтүүгө келишишти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком