16:18, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Якутияда зордуктоого айыпталган кыргызстандык жаран 14 жылга кесилди

На русскомEnglish
08:49, 12 аяк оона 2019 124
Фото с места происшествия
Фото с места происшествия
// СУ СК России по Республике Якутия

Баракелде -  Якутиянын соту адам уурдоо жана зордуктоо боюнча айыпталган кыргызстандык жаранды 14 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абакка эркинен ажыратты. Бул тууралуу Саха Республикасынын Тергөө комитетинин сайтында айтылат.

Ошондой эле кыргызстандык 2 жаранга айып тагылды. Алардын бири 4 жылга, экинчиси 6 жылга эркинен ажыратылды. Алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Аталган өкүм 10-сентябрда чыкты, бирок күчүнө кире элек.

--------------------------------------------------------

Буга чейин кыргызстандык адам ден соолукка жана өмүргө коркунуч келтирген зомбулук, зордуктоо жана каракчылыкка шектелип кармалган.

«Мындан тышкары алардын бири сотто сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер беренеси боюнча жооп берет», - деп айтылган маалыматта.

Саха (Якутия) Республикасынын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын март айынын башында эки шектүү автосервистин имаратында таанышынын унаасын 5 миң рублга оңдоп беришкен. Кардар материалдык жактан кыйынчылыктарга туш болуп, жумушчуларга акынын ордуна интимдик кызмат үчүн кыз алып келип берүүнү сунуштаган. Жумушчулар макул болушкан.

«16-март күнү кечинде айыпталуучулардын бири кыз издеп чыккан. Ал Кузьмин көчөсүнүн аймагынан бир кызды көрүп калган. Унаасын анын жанына айдап барып, кызды күч колдонуу менен унаанын ичине салып, эшиктерин бекитип койгон. Кое берүүнү суранган кызга айыпталуучу жооп берген эмес жана аны салып кеткен жерден анча алыс эмес жерде зордуктап салган», - деп билдирген Тергөө комитети.

Күч структураларынын маалыматына караганда, андан кийин айыпталуучу кызды унаа оңдоочу жайга алып барып, шериктерине өткөрүп берген. Ал кыздын бут кийимине катылган чөнтөк телефонду көрүп калып, аны алып койгон жана кылмыш болгон жерден изин жашырып кеткен.

Айыпталуучунун шериктери кызга унаа оңдоочу жайдын имаратынан кетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Алардын бирөө кызга карата күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган. Эртең менен алар уктап калганда жабырлануучу окуя болгон жерден качып, укук коргоо органдарына кайрылган.

-------------------------------------------------------

Якутиянын Комсомольск аянтында 17-мартта 200дөн ашык адам чогулуп, миграцияга байланыштуу мыйзамды катаалдаштырууну талап кылышканын жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай нааразычылыкка аял кишинин зордукталганы тууралуу тараган маалыматтар себеп болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, зордуктоого Кыргызстандын жараны шектүү экени айтылган.

«Зордуктоого шектүү адамдын сүрөтү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражатына жарыяланган. Андан улам анын улуту белгилүү болгону айтылып жатат», - деп жазган «Версия» басылмасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком