18:44, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эркин күрөш: Кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат (тизме)

На русском
08:23, 12 аяк оона 2019 154
Вольная борьба
Вольная борьба

Баракелде -  Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган Кыргызстандын улуттук курамасы белгилүү болду. Лицензиялык турнир 14-22-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, жалпы 10 топтом медаль ойнотулат.

1-5-орунду алган балбандар 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алат. Балбандар 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг чейин салмак категорияларында күч сынашат.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы:

- 57 кг чейин Улукбек Жолдошбеков;

- 61 кг чейин Алмаз Сманбеков;

- 65 кг чейин Нургазы Абдуразаков;

- 70 кг чейин Эламан Догдурбек уулу;

- 74 кг чейин Илгиз Джакыпбеков;

- 79 кг чейин Ойбек Насиров;

- 86 кг чейин Алигаджи Гамидгаджиев;

- 97 кг чейин Магомед Мусаев:

- башкы машыктыруучу — Руслан Маджинов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком