00:56, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

45 жаштагы киши капчык, телефон жана акча салынган баштыкты уурдап кеткен (видео)

На русском
08:11, 12 аяк оона 2019 100

Баракелде -  Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

3-сентябрда Биринчи май РИИБге Э.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал батыш бекетиндеги кичи автобустун ичинен баштыгын уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Баштыгынын ичинде «Редми» үлгүсүндөгү телефон, капчык, паспорт, банк картасы жана 1000 сом өлчөмүндө акча болгон. Жабырлануучунун айтымында, кийинчерээк банк картасынан 11 миң сом алынган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком