09:51, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (81 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (19 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы
09:12, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (17 адам окуп жатат)
Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди
12:02, Үчтүн айынын он тогузу, 2020 (15 адам окуп жатат)
Кара-балталык мергенчилер мүйүзү менен айырмаланган тоо текени көрүштү

Сүрөт: Президент беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын алды

На русском
18:29, Аяк оона айынын он бири, 2019 138
Чарльз Гаррет и Сооронбай Жээнбеков
Чарльз Гаррет и Сооронбай Жээнбеков

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттен, Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисовдон, Малайзиянын элчиси Хенди Ассандан, Армения Республикасынын элчиси Гагик Галачяндан жана Индонезиянын элчиси Сунарио Картадинатадан ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Алардын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө олуттуу салым кошо турганына ишенимин билдирди.

«Өлкөлөрүбүз ортосундагы калыптанып калган достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүп, элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдөөгө өз салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт президент менен кыргыз тилинде учурашты. Ошондой эле жашап жаткан өлкөнүн мамлекеттик тилин үйрөнүү — бул мамлекетке болгон урматтоонун белгиси болорун жана Кыргызстандын өнүгүүсүнүн дал ушул кызыктуу баскычында дипломатиялык миссиясын өтөө ал үчүн абдан чоң ийгилик экенин белгиледи.

Индонезиянын элчиси Сунарио Картадинат өз ара кызыгууну жараткан бардык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал жакында Индонезияда эл аралык ЭКСПО көргөзмөлөрү өткөрүлө турганын белгилеп, кыргызстандык ишкерлерди аларга катышууга чакырды.

Казакстан, Малайзия жана Армениянын элчилери өлкөлөрдү мындан да жакындатууга максималдуу аракеттерди жасай турганына ишендиришип, маселелердин эң кеңири спектри боюнча конструктивдүү жана активдүү кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком