16:17, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы жетекчиси тууралуу эмне белгилүү?

На русском
17:36, 11 аяк оона 2019 (Жаңыланды: 18:29, аяк оона 11 2019) 657
Каныбек Абдрахманов
Каныбек Абдрахманов

Баракелде -  Ички иштер министрлигиндеги жетекчилик кызматка жаңы дайындалган Каныбек Абдрахманов 2017-жылы пара талап кылуу боюнча мыйзамсыз айыпталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

К.Абдрахманов 2019-жылдын сентябрында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы) башчысы болуп дайындалды. Ал эми 2017-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ошол эле жылдын 17-октябрына караган түнү анын кол алдында иштеген С.К. аттуу ыкчам кызматкери УКМК тарабынан кармалган.

«Кол алдындагы кызматкер пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелип жаткандыктан, анын жетекчиси К.Абдрахманов да тергөө процессинин жүрүшүндө чакырылган. Бирок жагдай так жана толук териштирилбей, К.Абдрахманов кол алдындагы кызматкери менен кошо камалган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын иш бөлмөсүнөн, сейфинен жана жашаган үйүнөн эч кандай далил буюмдар табылган эмес.

Соттук процесстердин жүрүшүндө Каныбек Абдрахмановдун пара алуу жана кызмат абалынан пайдалануу кылмыштарына эч кандай тиешеси жана катышы жок экени такталган. Ошондой эле аталган факт боюнча башка шектүүлөр кармалган. Алардын айрымдарына сот өкүмү чыкса, айрымдары боюнча ушул кезге чейин соттук териштирүүлөр жүрүүдө», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Каныбек Абдрахмановду Биринчи май райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот актаган. Соттун чечиминин негизинде ал кайрадан өз ордуна келип, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү) жетекчиси кызматында эмгектенип жатат.

Маалымат:

Каныбек Абдрахманов 1980-жылы 5-сентябрда туулган. Ички иштер органдарынын катарына 1997-жылдын июлунан баштап кошулган. Ал ИИМдин академиясын аяктаган.

2004-жылдан тарта кылмыш иликтөө кызматында, 2011-жылдан бери Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери болуп иштеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком