09:48, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
08:42, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202033 Доллардын Бишкектеги орточо баасы — 69,7 сом
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20202643 Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20201161 Абанын күндүзгү температурасы
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202068 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (72 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
12:02, Үчтүн айынын он тогузу, 2020 (21 адам окуп жатат)
Кара-балталык мергенчилер мүйүзү менен айырмаланган тоо текени көрүштү
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (15 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы
09:12, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (12 адам окуп жатат)
Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы жетекчиси тууралуу эмне белгилүү?

На русском
17:36, Аяк оона айынын он бири, 2019 (Жаңыланды: 18:29, Аяк оона айынын он бири, 2019) 818
Каныбек Абдрахманов
Каныбек Абдрахманов

Баракелде -  Ички иштер министрлигиндеги жетекчилик кызматка жаңы дайындалган Каныбек Абдрахманов 2017-жылы пара талап кылуу боюнча мыйзамсыз айыпталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

К.Абдрахманов 2019-жылдын сентябрында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы) башчысы болуп дайындалды. Ал эми 2017-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ошол эле жылдын 17-октябрына караган түнү анын кол алдында иштеген С.К. аттуу ыкчам кызматкери УКМК тарабынан кармалган.

«Кол алдындагы кызматкер пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелип жаткандыктан, анын жетекчиси К.Абдрахманов да тергөө процессинин жүрүшүндө чакырылган. Бирок жагдай так жана толук териштирилбей, К.Абдрахманов кол алдындагы кызматкери менен кошо камалган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын иш бөлмөсүнөн, сейфинен жана жашаган үйүнөн эч кандай далил буюмдар табылган эмес.

Соттук процесстердин жүрүшүндө Каныбек Абдрахмановдун пара алуу жана кызмат абалынан пайдалануу кылмыштарына эч кандай тиешеси жана катышы жок экени такталган. Ошондой эле аталган факт боюнча башка шектүүлөр кармалган. Алардын айрымдарына сот өкүмү чыкса, айрымдары боюнча ушул кезге чейин соттук териштирүүлөр жүрүүдө», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Каныбек Абдрахмановду Биринчи май райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот актаган. Соттун чечиминин негизинде ал кайрадан өз ордуна келип, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү) жетекчиси кызматында эмгектенип жатат.

Маалымат:

Каныбек Абдрахманов 1980-жылы 5-сентябрда туулган. Ички иштер органдарынын катарына 1997-жылдын июлунан баштап кошулган. Ал ИИМдин академиясын аяктаган.

2004-жылдан тарта кылмыш иликтөө кызматында, 2011-жылдан бери Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери болуп иштеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком