16:10, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева 4-жолу Олимпиада оюндарына катышат

На русском
22:00, 11 аяк оона 2019 (Жаңыланды: 22:00, аяк оона 15 2019) 43
Юлия Андреева
Юлия Андреева

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Юлия Андреева 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Учурда бул оюндарга катышууга Кыргызстандын эки гана спортчусунда жолдомо бар. Буга чейин сууда сүзүүчү Денис Петрашов лицензия уткан.

Бул Олимпиада 35 жаштагы Юлиянын карьерасындагы 4-жолку катышуусу болот.

Ал биринчи жолу 2008-жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Анда 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 44 мүнөт 41 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында 59-орунга ээ болгон.

2012-жылы Улуу Британиянын Лондон шаарындагы оюнга катышып, 60-орунга жазылган. Белгиленген аралыкты 2 саат 36 мүнөт 1 секундда чуркап өткөн болчу.

2016-жылы Олимпиада оюндары Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында болгон. Анда Юлия 2 саат 40 мүнөт 34 секундда чуркап өтүп, 59-орунду ээлеген.

Ал эми кезектеги лицензияны Казакстандын Нур-Султан шаарындагы эл аралык марафондон жеңүүчү болуп утуп алды. Юлия Андреева чийинден 2 саат 28 мүнөт 42 секунддан кийин өтүп, маарага биринчилерден болуп жеткен.

Өлкөдөгү чуркоо боюнча рекорд 2 саат 26 мүнөт 27 секунд менен Ирина Богачевага таандык.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком