16:16, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат А.Аскарова тармактык комитетке мүчө болду

На русском
16:41, 11 аяк оона 2019 126
Айнура Аскарова
Айнура Аскарова

Баракелде -  Депутат Айнура Аскарова («Кыргызстан») Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине мүчө болду.

Айнура Аскарова 29-майда парламенттин отурумунда ант берген. Жаңы депутат парламентке «Кыргызстан» фракциясынын квотасы менен Айтмамат Назаровдун ордуна келген болчу.

Ал эми А.Назаров башка кызматка — «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» АККтын жетекчиси болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком