16:14, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

41 жаштагы киши короодон мал уурдап жатканда колго түштү

15:50, 11 аяк оона 2019 75
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  41 жаштагы киши башка бирөөнүн короосунан мал уурдап жатканда үй ээси кармап калды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн РИИБге Маевка айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 10-сентябрга караган түнү короосунан мал уурдап бара жатканда колго түшкөн 30-40 жаштагы адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн өздүгү аныкталды. Шектүү — 41 жаштагы Б.Д. буга чейин соттолгон, ошондой эле анын уурулук боюнча башка кылмыштарга тиешеси бар экени такталды. Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком