16:18, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына К.Исаковдун талапкерлигин жактырды

На русскомEnglish
15:02, 11 аяк оона 2019 208

Баракелде -  Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин отурумунда депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлигин жалпы 107 депутат колдоду.

Жыйында талапкерди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. И.Исаковду аталган кызматка 6-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган болчу.

Буга чейин анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги эки комитет жактырган.

Жаңы окуу жылы башталганда, тактап айтканда 4-сентябрда мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева отставкага кеткен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком