10:34, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 3 күндө 25 мас айдоочу кармалды

На русском
21:42, 11 аяк оона 2019 125
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// Пресс-служба ГУВД г.Бишкек

Баракелде -  Бишкек шаарында 3 күндө мас абалда унаа башкарган 25 айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол тескөөчүлөр «Тонировка» жана «Номурсуз» аталышындагы рейд өткөрүшкөн. Жыйынтыгында жол кыймылынын эрежесинин бузулушу боюнча жалпы 394 протокол түзүлдү.

Алардын ичинен:

- 25 айдоочу унааны мас абалда башкарган;

- 9 унаанын айнеги караңгылатылган;

- 39 айдоочу унааны тиешелүү документи жок башкарган;

- 140 айдоочу унааны катуу ылдамдыкта башкарган;

- 17 айдоочу жол белгилерге баш ийген эмес.

Ал эми 31 унаа айып короого киргизилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком