16:13, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутаттан министрликке талапкерге суроо: «сos 60° канчага барабар болот?»

На русском
10:17, 11 аяк оона 2019 3164

Баракелде -  Билим берүү жана илим министри кызматына ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары карап жатышат. Анын алкагында талапкерге депутат Дастанбек Бекешев (КСДП) суроо узатты.


Д.Бекешев: - Жөнөкөй суроо — косинус (сos) алтымыш градус барабар канча болот?

К.Исаков: - Мен кыргыз филология боюнча адис…

Д.Бекешев: - Мен жөн эле сураган жокмун. Бизде мектепте ушундай билимди беришет. Таң каласың… Азыр 120 депутат, министрлер ага жооп бербейт. Ушундай билимдин кереги барбы?…

К.Исаков:- Туура. Бизде окуу предметтеринде бир топ артык баш жерлер бар. Мүмкүн болушунча биз балдарга жалпы аң-сезимине, дүйнө таануусуна керектүү билимди беришибиз керек. Бул боюнча корректорлорду жасайбыз деп ойлойм.

Д.Бекешев: - «ВУЗдардагы» (жогорку окуу жайлар) коррупцияны кантип жоёсуз? Кадамдар кандай болот?

К.Исаков: - Биринчи кезекте, коррупцияны демонтаждоо боюнча мамлекеттик программа бар. Этап-этабы менен кайсы жерде «риск» (коркунуч) болуп жаткан болсо, кайсы көрүнүштө же кайсы кырдаалда… Ошолордун баарын болтурбай туруучу механизмдерди жасашыбыз керек деп ойлойм. Механизмдерди иштебей туруп, коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Себеби, алба-бербе деп эле койсо токтоп кала турган нерсе эмес. Баарын аң-сезимдүү түрдө коррупциялык тоскоолдуктардын баарын акырындап, механизмдерди түзүп алуу менен барабыз деп ойлойм…

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком